Индиялык киноактёр, режиссёр, продюсер, сценарист Раж Капур Пешаварда туулган. Радж Капур мекенинде киного байланыштуу болгон бардык сыйлыктардын ээси болгон. "Индиялык Чарли Чаплин", "индиялык тасмалар атасы" жана "Чыгыштын көк көздүү падышасы" катары дүйнө жүзүнө таанылган. Орусияда "селсаяк жолдош", ал эми Европада "индиялык Пётр I" катары белгилүү.
Радж Капур өзүнүн алгачкы ролун 1935-жылы "Революция" тасмасында 11 жашында жараткан. Ал бала кезинен театр сахнасында ойноп, импровизацияга жөндөмдүүлүгүн, эмоционалдуулугун, темпераменттүүлүгүн көрсөтө алган, бирок анын кыялы кино болчу. Жогорку билим алуудан баш тартып, "Bombay Talkies" студиясында режиссёрдун ассистенти болуп иштеп, практика жүзүндө кинематографисттик адистикти өздөштүргөн. Ошону менен бирге батыштын кинематографиясынын техникалык жетишкендиктерин изилдеген. Актёр 40-жылдары киного активдүү тартыла баштап, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө татыган.
1946-жылы Р.Капур өзүнүн алгачкы "От" тасмасын тартып, андагы башкы ролду ойногон. 1948-жылы аталган тасмадан түшкөн каражатка "R.K. Films" студиясын ачып, "Жамгыр мезгили" тасмасын тарткан.
Режиссёрго чыныгы атак-даңкты анын 1951-жылы тартылган "Селсаяк" тасмасы алып келген. 1953-жылы аталган тасма Канн фестивалынын негизги катышуучусу болгон. Радж Капурдун тасмалары жалгыз Индиянын эле эмес, Түштүк Азиянын, Ирандын, Түркиянын, араб өлкөлөрүнүн, Кытайдын, Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алган.
Капур "Бут кийим тазалоочу" тасмасында балдардын кылмыштуулугу, "Сангамда" качкындардын тагдыры, "Бобби" тасмасында касталардын теңсиздигин чагылдырып, көрүүчүлөрдү таасирленткен.
Мыкты актёр жана чыгаан режиссёр катары дүйнө элине атагы чыккан Радж Капур 1988-жылы 2-июнда Делиде астмадан каза болгон.