24- Май 1905 -жылы орус жазуучусу Михаил Шолохов төрөлгөн
Атактуу орус жазуучусу Михаил Шолохов Дондогу Вешенская станциясында төрөлгөн. Атасы уулуна арнап китеп жыйнаган. Алардын ичинде Л.Н.Толстой, Н.В.Гоголь баш болгон бир катар орус жазуучуларынын китептери болгон. Шолоховдун сөз кадырын билип өсүшүнө энесинин эмгеги да зор болгон. Ал эски уламыштарды көп билген сөзмөр адам болгон. Эптеп күн көрүү үчүн Шолоховдун үй-бүлөсү хутордон хуторго, бир станицадан экинчи станияцага көчүп жүргөн.
Михаил Шолохов алгач башталгыч мектепте, андан кийин гимназияда бир аз окуган. Анын адабиятка куштарлыгы ошол жылдары артып, бирок жарандык согуштун башталышына байланыштуу Шолохов гимназияны таштоого мажбур болгон.
1926-жылы Шолоховдун "Дон аңгемелери" жарык көргөн. Жаш жазуучу бул аңгемелеринде Дондо жашаган казактардын турмуш-тиричилигин андагы жарандык согуш, кыштактагы улуу өзгөрүштөр жөнүндө баяндаган. Жазуучунун калеминен революциялык доордун бүткүл тарыхый окуяларын кенен камтыган 4 томдуу "Тынч Дон" эпопеясы, кыштак турмушуна улуу өзгөрүш киргизген колхоздоштуруу учурун баяндаган "Көтөрүлгөн дың" романы, согуш трагедиясын көрсөткөн "Адамдын тагдыры" аңгемеси, элдин Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдигин сүрөттөөгө "Алар Мекен үчүн салгылашкан" романы жана башка мыкты чыгармалар жаралган. Заманыбыздын улуу жазуучусу, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, Лениндик жана СССР Мамлекеттик сыйлыгынын, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты, академик жазуучу Михаил Шолохов 1984-жылы 21-февралда 78 жашында көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан