4- Февраль 1933 -жылы советтик жана орусиялык театр, кино актёру, режиссёр, телеалпаруучу Игорь Кваша туулган
Советтик жана орусиялык театр, кино актёру, режиссёр, телеалпаруучу, Орусиянын Эл артисти Игорь Кваша Москвада туулган. Анын ролундагы тасма жана спектаклдер жүздөп саналат. Элге жакшы таанылып калгандары: "Республиканын мүлкү", "Баягы Мюнхгаузен", "Жашыруун кеңешчи" жана башкалар. Ал 1990-жылдардын башында КВНдин Жогорку Лигасында калыстар тобунун катарын толуктаган. 1998-жылдан баштап жоголгонду табыштырган, издегенди кезиктирген Орусиянын 1-каналындагы "Мени күт" ("Жди меня") телевизиондук ток-шоусун алпара баштаган. 2007-жылы анын "Кайтаруу чекити" аттуу мемуар-китеби чыккан. Игорь Кваша 2012-жылдын 30-август күнү саат 17:00 чамасында Москвадагы ооруканалардын биринде жүрөгү токтоп каза тапкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан