26- Май 1939 -жылы
Москвада Кыргыз искусствосунун I декадасы башталган
Москвада Кыргыз искусствосунун I декадасы башталган. Декадага республиканын театралдык-музыкалык топтору менен өздүк көркөм чыгармачылык өкүлдөрү тартылышып, ал москвалык көрүүчүлөргө зор таасир калтырган. Кыргыз искусство чеберлери тартуулаган чыгармаларды 30 миң чамалуу советтик адамдар көргөн.