27- Февраль 1990 -жылы
ырчы Бегимай Бекбоева туулган
Ырчы Бегимай Бекбоева Нарында туулган. Атасы Бекбоев Токторбек - обончу, аткаруучу. Апасы Кудайбергенова Жаңыл - актриса, куудул. Алгач сахнага 5-классында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын "Эх, байке" деген ыры менен чыккан. Бегимай Бекбоеванын репертуарындагы ырлары: "Жаш жигит", "Атама", "Алыстарга" жана башка.