24- Март 1950 -жылы Орусиянын Эл артисти, ырчы Александр Буйнов туулган
Орусиянын Эл артисти, ырчы, актёр, музыкант, композитор, шоумен Александр Буйнов  Москва шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын аткаруусундагы белгилүү чыгармалардын катарына "Эки жашоо" ("Две жизни"), "Жалбырактар түшөт" ("Падают листья"), "Бош бамбук" ("Пустой бамбук"), "Ачуу бал" ("Горький мёд"), "Эй, досум" ("Эй,друг"), "Тост", "Парижде түн" ("В Париже ночь"), "Спецназ" жана башкалар кирет.
Алгач "Гүлдөр", "Шайыр балдар" ансамблдеринде музыкант, ырчы болуп иштеп, 1989-жылдан тарта жеке ырчылык менен алектене баштаган. 2010-жылы Орусиянын, 2004-жылы Ингушетиянын Эл артисти наамдарына ээ болгон. Учурда өзү негиздеген "Чао" тобу менен ырдайт. 2011-жылы рак илдетине кабылганы маалым болгон. Мындан улам ага операция жасалып, ырчынын ден соолугу калыбына келген.
Жеке жашоосу
А.Буйнов 3 ирет үйлөнгөн. Биринчи жубайы Любовь Вдовина менен 1970-1972-жылдары, экинчиси Людмила аттуу айым менен 1972-1985-жылдары жашаган. 1985-жылдан бери үчүнчү жубайы Алёна менен түтүн булатып келет. Ырчынын экинчи жубайынан Юлия (1973) аттуу кызы, андан сырткары никесиз төрөлгөн Алексей (1987) деген уулу бар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан