26- Март 1935 -жылы палестиналык саясатчы Махмуд Аббас туулган
Палестиналык саясатчы Махмуд Аббас Израилдин Цфат шаарында туулган. 1947-1949-жылдары арабтардын жана израилдин аскерлеринин кагылышуусунан үй-бүлөсү менен Сирияга качып кетишкен. Ал жактан ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп, бирок ага карабай Махмуд Аббас Дамасск университетиндеги юридикалык факультетти аяктаган. Андан соң Патрис Лумумба атындагы Элдердин достугу университетинде аспирантураны бүтүргөн. Махмуд Аббас кийин саясатка аралашып, бир нече жоопту кызматтарды ээлеген. Ал эми 2013-жылдын 5-январынан тартып Палестинанын президенти болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан