24- Март 1973 -жылы
Америкалык актёр Жим Парсонс туулган
“Чоң жардыруунун теориясы” сериалындагы ролу аркылуу таанылган актёр Жим Парсонс АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында туулган.
Жим Парсонс 2010, 2011 жана 2013-жылдары “Чоң жардыруунун теориясы” сериалындагы ролу үчүн "Мыкты комедиялык актёр" деп табылып, "Эмми" сыйлыгына арзыган. Ал эми 2011-жылы "Алтын глобус" сыйлыгын өз куржунуна салган.