2016-жылдын 23-декабрында "Азия МIX" командасы КВНдин Жогорку Лигасында чемпион аталган. 2017-жылдын февраль айынын аягында Э.Кененсариев КВНдин Премьер-Лигасында калыстар тобунун катарына кирген. Мындан сырткары жыл сайын өтүүчү "Жылдын КВНчиси" сыйлыгынын ээси болгон. Ошондой эле 2017-жылы март айында президент тарабынан "Данакер" ордени менен сыйланган.
Жеке жашоосу
2008-жылы болочоктогу жубайы Камила Абдил менен интернет аркылуу таанышып калган. Анда Камила АКШда окуп, иштеп жүргөн. 2009-жылы сүйүшкөндөр баш кошушкан.Толук маалымат: http://www.super.kg/kabar/news/182277/