28- Апрель 1974 -жылы Испаниялык актриса Пенелопа Крус туулган
Испаниялык актриса Пенелопа Крус Испаниянын Алькобендас аймагында туулган. Кичинекей кезинен баштап классикалык балетти өздөштүрүп, Нью-Йорктогу белгилүү мектептердин биринде бий өнөрүн өздөштүргөн. 14 жашында актрисалык кесипти тандоону чечип, бир жылдан кийин агенттикке кабыл алынган. Пенелопа Крус алгачкы жолу 1989-жылы "Mecano" поп-тобунун клибине тартылып, 1990-1997-жылдар аралыгында өспүрүмдөр үчүн телешоунун алпаруучусу болуп эмгектенген. Анын кинодогу карьерасы 1991-жылы жарыкка чыккан "Розовая серия" (Күлгүн серия) сериалындагы ролу менен башталган. Бир жылдан кийин "Хамон, хамон" тасмасына тартылып, андагы ролу үчүн испандардын "Гойя" сыйлыгын алган. Ошондой эле "People" журналы аны "жылдын секс-символу" деп атаган. 1993-жылы актриса "Изящная эпоха" ("Көрктүү доор") фильминде башкы родо ойноп, "Spanish Actors Union Award" сыйлыгына татыган. Пенелопа Крус 1998-жылдан баштап Голливуд тасмаларына тартылып, дүйнөлүк атак-даңкка жеткен.

Жеке жашоосу

Актриса эне тилинен сырткары англис, француз жана италиялыктардын тилинде эркин сүйлөй алат. 2010-жылы актёр Хавьер Бардемге турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн ортосунда 2011, 2013-жылдары жарыкка келген кызы жана уулу бар. Пенелопа Крус бойдок кезинде белгилүү актёрлор Том Круз, Мэттью Макконехилер менен сүйүү мамилесинде болгону айтылат

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан