26- Апрель 1963 -жылы Кытайлык актёр Жет Ли төрөлгөн

Кытайлык актёр Жет Ли Пекин шаарында туулган. Жет Ли сегиз жашка чыкканда классы менен чогуу ушу сабагына катышып калып, ал Жет Лиге чоң таасир калтырган. Жарым жылдан кийин Жет Ли мектепти таштап Пекиндеги ушу академиясына тапшырган. Үч жыл ичинде спорттун бул түрүндө такшалууга жетишип, Пекин курама командасына кабыл алынат. Ал эми кийинки жылы балдар арасындагы күрөштөн жана дао кылычтары менен согушуудан биринчиликти багындырып, 11 жаштагы Ли бул тармакта бүткүл Кытай Эл Республикасынын чемпиону аталат. 1974-жылы өзү машыккан спорттун түрү менен Кытай элинин намысын коргоо үчүн дүйнө­лүк таймашка аттанган. Биринчи сапары жемиштүү болуп, башкы орунду ээлеген жана ошол кездеги АКШнын президенти Ричард Никсондун өз колунан сыйлык алып кайткан.

Жет Лиге 1982-жылы киного тартылуу сунушу келип түшкөн. Буга макул болгон Ли "Шаолинь чиркөө­сү" аттуу сериалда баш каармандын ролун жогорку деңгээлде аткаруу менен кино дүйнөсүнө кадамын таштаган. Ушул кинодон кийин Жет Ли Кытайдагы эң атактуу актёр катары таанымал болгон. Андан тышкары роль жаратуудагы эң тез кыймылдары үчүн Ли "Жет" деген атка конгон. "Жет" – бизче "тез, ылдам" дегенди түшүндүрөт.
Өз мекенинде жана жалпы эле Азия өлкөлөрүндө жыйырма бештен ашык тасмаларда роль жараткан соң Жет Ли дүйнөнү багындыруу максатында Голливудга сапар алат. 1998-жылы актёрдун катышуусунда англис тилиндеги "Өлүм куралы-4" деп аталган жаңы тасма жарыкка чыгат. Андан көп узабай эле Американын белгилүү режиссёрлорунан жаңы тасмаларга тартылуу сунуштары түшө баштаган. Жыйынтыгында, "Ромео өлүшү керек", "Ажыдаардын өпкөнү", "Бешиктен чыгып мүрзөгө" деген сыяктуу белгилүү кинолор пайда болгон. Жет Ли Кытай киноактёрлору арасында эң көп гонорар алган тажрыйбалуу аткаруучу катары да таанымал болгон. 13 миллион долларды түзгөн бул рекордду актёр "Полк башчылары" фильминдеги ролу үчүн алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан