25- Апрель 1883 -жылы Советтик аскер башчы Семён Будённый төрөлгөн
Советтик аскер башчы, мамлекеттик ишмер, СССРдин алгачкы маршалдарынын бири Семён Будённый азыркы Ростов областындагы Пролетарск районуна караштуу Козюрин хуторунда төрөлгөн. 
Семён Будённый Жарандык согуштун баатыры, Советтер Союзунун Маршалы (1935), 3 жолку Советтер Союзунун Баатыры (1958, 1963, 1968), 1919-жылдан КПССтин мүчөсү болгон.
Семён Будённый 1903-жылы армияга кеткен. Орус-япон согушунда, Биринчи дүйнөлүк согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 4 жолу Георгий крести менен сыйланган. Улуу Октябрь революциясынан кийин Дондо Сальский округдук аткомунун мүчөлүгүнө шайланат. 1918-жылы ак гвардиячыларга каршы атчандар отрядын уюштурган. Отряд көбөйүп полкко, бригадага, анан дивизияга чейин жеткен. 1919-жылы июнда Будённыйдын командачылыгы менен атчандар корпусу түзүлүп, ноябрда 1-атчандар армиясына айланат. Бул армия Жарандык согушта Деникин, Пилсудский жана Врангелдин аскерлерин талкалоодо зор роль ойногон. 1921-1923-жылдары Революциячыл аскер советинин мүчөсү, анан Түндүк Кавказ аскер округунун командачысына орун басар, Жылкы заводдорун уюштурууда, башкарууда көп иштеп, натыйжада жылкынын жаңы породалары (Будённый жылкысы жана терек жылкысы) чыгарылган. 1923-жылдан Будённый Кызыл Армиянын Баш командачысынын атчан аскер боюнча жардамчысы, СССР революциячыл аскер кеңешинин мүчөсү болгон. 1924-1937-жылдары РККАнын атчан аскер инспектору болуп, 1932-жылы М.В.Фрунзе атындагы Аскер академиясын бүтүргөн. 1937-жылдан Москва аскер округунун командачысы, СССР коргоо эл комиссариатынын Башкы аскер кеңешинин мүчөсү, 1939-1940-жылдары коргоо эл комиссарынын орун басары болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Жогорку Башкы командованиенин Ставкасынын курамында, Ставканын резерв армияларынын аскер тооторунун командачысы жана бир катар фронттун командачысы, ал эми 1943-жылы январдан Советтик Армиянын атчан аскерлеринин командачысы болгон. Согуш бүткөндөн кийин 1947-1953-жылдары айыл-чарба министринин жылкы чарбасы боюнча орун басары болуп эмгектенген. 
Семён Будённый 1920-жылдан ББАКтын, 1922-жылдан СССР БАКтын мүчөсү, СССР Жогорку Советинин (1-8-шайл.) депутаты, 1938-жылдан СССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү болуп, 1934-жылдан ВКП (б) БКнын мүчөлүгүнө кандидат, 1939-жылдан БКнын мүчөсү, 1952-жылдан КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат болгон. 
Семён Будённый жети Ленин ордени, алты Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов ордени, Азербайжан ССРинин Эмгек Кызыл Туу, Өзбек ССРинин Эмгек Кызыл Туу ордени, МЭРдин ордендери, Кызыл Туу ордендүү аскердик алтын курал, Кызыл Туу ордендүү революциялык ардактуу тапанча, СССРдин герби түшүрүлгөн ардактуу курал-кылыч жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан