26- Апрель 1950 -жылы Спорт ишмери Шаршенбек Конгайтиев төрөлгөн
Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорттун отличниги, ондогон федерациялардын түзүүчүсү Шаршенбек Конгайтиев Талас областындагы Талас районуна караштуу Миң-Булак айылында төрөлгөн. Шаршенбек Конгайтиев 1970-жылы Жалал-Абад педагогикалык институтун, ал эми 1974-жылы КМДТИни бүтүргөн. 1977-жылдан тартып Талас облусунда дене тарбия, спорт тармагында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Таласта Шаршенбек Конгайтиевдин демилгеси менен ондон ашуун федерация түзүлгөн. Анын шакирттери Ф.Цахариас, Ю.Васильев убагында СССРдин волейбол жаштар командасында ойногон. Шаршенбек Конгайтиевдин Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбандар К.Бегалиев, М.Бобурбеков, Улан Надырбек уулу, Ж.Кенжеев ж.б. спортчулардын чеберчилигинин өсүп, ийгиликтерге жетүүсүнө үлүшү чоң болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан