25- Апрель 1214 -жылы
Франциянын падышасы Людовик IX төрөлгөн
Жетинчи жана сегизинчи кресттүүлөр жортуулун жетектеген Франциянын падышасы Людовик IX Франциянын Пуасси шаарында төрөлгөн. Людовик IX Францияны 1226-1270-жылдары башкарган. 1270-жылы март айында аскерлери менен Туниске сапар алган. Ал жактан эпидемия каптап, ошол жылдын 25-августунда 56 жашында Людовик IX көз жумган.