26- Апрель 1986 -жылы "Чернобыль" АЭСи аварияга учураган
Украинанын Чернобыль шаарында жайгашкан "Чернобыль" атомдук электростанциясынын төртүнчү реакторунун оңдоп, ремонттоо мөөнөтү келгендигине байланыштуу 1986-жылы 25-апрелден тартып, анын кубаттуулугу азайтылып, түшкө чейин жарымысына түшүрүлөт. Мына ошол убакта мурда 1983-жылдан бери үч жолу колдонулуп, бирок ишке ашпаган экспериментти жүргүзүүнү же турбогенератордун кубаттуулугу азайтылгандан кийин анын инерциялык күчү канчага чейин сакталарын дагы бир жолу сынап көрүүнү чечишет. Авариялык муздатуучу систем өчүрүлүп, кубаттуулук дагы азайтылат. Бирок, кубаттуулук пландаштырылгандан да тездик менен өзүнөн өзү азайып, системдер нормадагы чектен өтө ысый баштаганда оператор реактордун кубаттуулугун кайра жогорулатып, авариялык муздатуучу системди кошууга аракеттенет. Бирок, ал систем иштебей реактор өтө ысып, темир жабдуулары эрип, 26-апрелге караган түнү саат түнкү 1ден 23 мүнөт өткөндө реактор жарылган. Жарылуу учурунда миң тоннача химиялык зат күйүп, радиация Украинанын, Беларусь менен түндүк Европанын айрым бөлүктөрүнө жайылып кеткен.
Чернобылдагы авариянын кесепеттерин жоюуга СССРдин бардык аймактарынан мобилизацияланган 700 миңге жакын, анын ичинде үч миңден ашык Кыргызстандыктар катышып, ар кандай дозалардагы радиоренгендик нурларга кабылып, алардын бир бөлүгү өмүр бою майып болуп калышкан. Радиоренгендик нурлардан авариядан кийинки алгачкы күндөрдө 4-реактордо түздөн түз иштешкендер өзгөчө көп жабыр тартышып, анын кесепеттеринен 3 айдын ичинде 31 адам көз жумган. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык өткөн чейрек кылымдын ичинде Чернобылдагы АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюуда иштешкендерден 5 миңге жакын адам каза болгон.
Чернобылдагы авария Союзга материалдык жана моралдык жактан аябагандай чоң зыян келтирген. Чернобылда 12,5 миң адам жашаса, алардын баары авариядан кийинки 2-3 күндө эвакуацияланган. Алардан сырткары 30 километрдик радиустагы айыл, кыштактарда жашашкан 115 миң адам башка коопсуз жактарга көчүрүлүшкөн. АЭСтен зыяндуу заттардын чыгуусун токтотуп, аны консервациялоого жүздөгөн миллион долларлык каражаттар жумшалган. Радиоактивдүү заттар менен булгангандыгына байланыштуу жалпы аянты 5 миллион гектар жер белгисиз мөөнөткө пайдаланылуудан чыгарылган. СССРдагы, Европадагы долбоорлонгон АЭСтердин курулуштарынын баары токтотулган. 1986-2002-жылдарда Европада бир да АЭС курулган эмес. АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандардын майыптарына пенсиялар, калгандарына жөлөк пулдар төлөнөрү каралган. Булардын баары миллиарддаган долларды түзгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан