12- Июнь 1963 -жылы
Нью-Йоркто "Клеопатра" тасмасынын бет ачары болуп өткөн
Нью-Йоркто Элизабет Тейлор башкы ролдо ойногон "Клеопатра" тасмасынын бет ачары болуп өткөн.
Тасманы АКШ, Улуу Британия, Швейцария өлкөлөрү тарткан. Тарыхый мелодрама төрт жолу “Оскар” сыйлыгына татып, Голливуд фильмдеринин алтын коллекциясына кирген.