Дастан Жумабеков айып пулдарды көтөрүү элге каршы демилге экенин айтты

Таштандыларды уруксат берилбеген жерлерге ыргыткандар үчүн айып пулдун көлөмүн жогорулатып, өкмөт элге каршы мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда парламент жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, негизинен мамлекет элге ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши керек. "Сингапурду үлгү катары алсак, ал жерде өкмөт тарабынан жакшы иштер жасалган: аймагы таза, жолдору оңдолгон, шаарлары кооздолгон. Ал эми биздин шаарда таштандылар тазаланбайт. Мамлекет тазалыкты түзүп берсе, жарандарыбыз таштандыны көрүнгөн жерге таштагандан уялып эле калышмак",- дейт депутат.

Депутат Курмантай Абдиев бул пикирге каршы. "Таштандыларды ар жерге таштагандарды жоопко тартуу туура. Элди тарбиялаш керек. Айып пулду жогорулатуу тартипти сактоого көмөк көрсөтөт",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан