Кыргызстандык делегация Дүйнөлүк соода уюмунун Өкмөттүк сатып алуулар жөнүндө макулдашуусунун катчылыгынын отурумуна катышууда

Кыргызстандын Каржы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баяманова, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев жана Экономика министрлигинин Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Анархан Рахманова 11инен 13-февралга чейин Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан ДСУнун Өкмөттүк сатып алуулар жөнүндө макулдашуусунун катчылыгынын отурумуна байкоочу катарында катышууда.  

ДСУнун Өкмөттүк сатып алуулар жөнүндө макулдашуусунун байкоочулары үчүн сессия Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Мамлекеттик сатып алуулар боюнча техникалык кызматташуу бирикмеси жана ЕРӨБ менен ДСУнун катчылыгынын "Биргелешкен техникалык кызматташуу" программасы тарабынан уюштурулган жана ДСУнун Өкмөттүк сатып алуулар жөнүндөгү макулдашуусунун байкоочу өлкөлөрүнүн потенциалын жогорулатууга багытталган.   

Программанын алкагында эл аралык эксперттер мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы даттануу системи боюнча укуктук жана саясий сунуштар, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө улуттук мыйзамдарды мамлекеттик сатып алуулардын кайра каралган стандарттарына туура келтирүү боюнча сунуштарын беришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан