Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери 11-февралда жаңы үлгүдөгү патенттерди берүү процесси менен таанышуу үчүн Сахарово айылындагы Мамлекеттер аралык миграциялык борборго барышты. Бул тууралуу аталган элчиликтен кабарлашты. Кызматкерлер барганда борбордо консультация жана документ тапшыруу үчүн кезек күткөндөр 3 миңдей экенин билдирет мекеме.
"Сүйлөшүү учурунда жарандар 3-5 сааттан бери кезек күтүп тургандарын айтышты. Кызмат акы жана документтерди кабыл алган башка павильондо деле ушундай көрүнүш. Мамлекеттер аралык миграциялык борбордун консультанттары бир күндө 1000дей адамга кызмат көрсөтүүгө үлгүрүп жатканын билдиришти. Мекеменин айланасында коопсуздукту көзөмөлдөөчү жеке ишкананын кызматкерлери жарандардын даттануу жана кайрылууларына орой түрдө жооп берип жатышканы белгилүү болду. Борбордун айланасын кызматкерлердин иттер менен кайтарышы түрмөнүн имаратына окшошуп, жарандарга моралдык-психикалык кысым көрсөтүлүп жатат. Жогоруда аталган фактылар Мамлекеттер аралык миграциялык борбордун ири сандагы эмгек мигранттарын кабыл алууга жана тейлөөгө даяр эмес экенин билдирет",- деп билдирет элчилик.
Буга байланыштуу элчилик аталган жагымсыз кырдаалдарды жоюуга көмөктөшүүнү өтүнүп, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жибергени белгилүү болду.