Бүгүн, 13-февралда КСДП фракциясынын жыйынында Ноокат райондук кеңешинин депутаттары Ноокат шаарында борбордук канализацияны куруу маселесин чечип берүүнү суранышты. Зулпуев айылдык кеңешинин төрагасы Нургазы Баймуратовдун айтымында, борбордук канализациянын жоктугунан жергиликтүү тургундар жапа чегишүүдө. "Айрым жарандар ооруларга кабылып жатышат. Бул маселени тезирээк чечпесек, көйгөй күчөп кетиши мүмкүн",- деди жергиликтүү кеңештин депутаты.
Фракция мүчөлөрү Ноокаттын депутаттарынын маселесин чечип берүүнү колдошту, депутат Төрөбай Зулпукаров аймакка барып, кырдаал менен таанышып чыгууга убада берди.