Депутаттар "шайлоодо добуш берүүгө паспорт менен катышуу керек" деген нормага каршы болушууда

Бүгүн, 17-февралда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети шайлоо жөнүндө мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулап жатат.
Жыйында депутаттар шайлоого сөзсүз ID-кард жана жалпы жарандык паспорт (заграничный паспорт) менен келүү талабына каршы чыгышты.
Өмүрбек Текебаевдин айтымында, шайлоого жарандардын көбүрөөк катышуусуна ар бир партия кызыкдар. "Кыргызстанда жарандардын көпчүлүгүнүн айдоочулук күбөлүктөрү бар. Шайлоо күнү унаада жүргөн адамды паспорту үчүн кайра үйүнө барууга мажбур кылбоо керек. Каттоо кызматы шайлоочуларга тоскоолдуктарды түзбөшү керек",- деди депутат.
Депутат Бакыт Төрөбаев шайлоого аскер билети, пенсиялык күбөлүк жана башка тастыктоочу документи менен келүүгө мүмкүнчүлүк түзүүнү сунуштады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан