Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитети бир катар мыйзам долбоорлоруна редакциялык түзөтүү киргизүүнү карады

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитети 17-февралда “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Сунушталган мыйзам долбоору “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” жана “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын жоболорун “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” мыйзам талаптарына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан толуктоолор да жактырылды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште атаандаш мыйзамдардын каралуусун жеңилдетүүгө арналган редакциялык карама-каршылыктарды жоюу үчүн сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан