16-февралда дүйнөдөн кайткан Олимпиада чемпиону, кыргызстандык Александр Мелентьевдин үй-бүлөсүнө жардам катары президенттин фондунан 100 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон.