"9-Майда Бишкектин борбордук аянтында өтчү аскердик парад армиябыздын күчүн далилдейт" деди спикер

"9-Майда Бишкек шаарындагы борбордук аянтта өтчү аскердик парад армиябыздын нукура күчүн далилдейт",- деди бүгүн, 19-февралда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков.

Анын айтымында, 2014-жылы "Аскердик доктринанын" кабыл алынышы жана Куралдуу күчтөр тармагында реформа жүргүзүү мамлекеттин ийгиликтүү жетишкендиктери болуп саналат. "15-апрелге чейин Жогорку Кеңештин былтыркы жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгат. Энергетика, мамлекеттик чек ара, транспорт жана башка маселелер боюнча парламент туура чечимдерди чыгарган. Мунун баары аталган жыйынтыкта белгиленмекчи",- деди төрага.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан