Бишкекте теңтушун бычактап салган өспүрүм кармалып, сурак берүүдө
Укук коргоо
органдары тарабынан Бишкек шаарында 16 жаштагы өспүрүм кармалып, ал катышты
делген кылмыш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү өспүрүмгө карата
козголгон кылмыш ишинин себеби төмөндөгүдөй. 30-октябрь күнү кечки саат 9да
Улуттук хирургия борборуна оор жаракат алган 17 жашар М.уулу Б. жеткирилген.
Көкүрөк тушу бычак менен кескиленген жигитке дарыгерлер алгачкы жардамды
көрсөтүшкөн. Окуя баш калаанын Ден Сяопин жана Мессарош көчөлөрүнүн кесилишинде
болуп өткөн. Бул иш боюнча шектүү катары 16 жаштагы Аламүдүн районунун
жашоочусу К.Ж. аттуу адам кармалып, тергөө иштери улантылып жатат.