Экраны ийилген, 55, 65 жана 77 дюйм диагоналдуу OLED-телевизорун көрсөтүү менен LG компаниясы керектөөчүлөрдүн көпчүлүк бөлүгүнүн суроо-талабына жооп бере алган жалгыз компания экенин дагы бир жолу далилдеди.
Optimized True Color технологиясы сүрөттөлүштөгү ашыкча жарыктыкка карабай түстөрдүн бир калыпта чагылдырылышын көзөмөлдөйт. Мында табигый түстөр көрүүчүгө ыракаттануу тартуулайт. LG`нин OLED-телевизорлору үн жаатында эксперт деп саналган harman/kardon® менен биргеликте иштеп чыккан көп каналдуу аудиосистем менен жабдылган.
Ultra HD 4K форматындагы телевизорлордун ColorPrime™ сериясы да коомчулукка тааныштырылды. Бул жаңыланган модель түстөрдү көрсөтүүдөгү тактык жана өңдөрдүн көптүгү менен айырмаланат.
LG`нин Ultra HD 4К телевизорлору IPS панелдери менен жабдылган. Ал түстөрдүн табигыйлуулугун максималдуу сактайт.
2015-жылы чыгарылган OLED жана Ultra HD телевизорлору колдонууда ыңгайлуу жана жөнөкөй болгон webOS 2.0 системи менен иштейт.