Асылбек Жээнбеков: "Ынтымакта болсок, батыраак өнүгөбүз"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 27-февралда өлкөдөгү 19 шаардык кеңештин жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда кичи шаарлардагы олуттуу көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланып, ачык-айкын коом куруунун негизи болгон парламенттик демократиянын тегерегинде сөз жүрдү.

Жээнбеков парламенттин азыркы чакырылышында жасалып жаткан иштер, кабыл алынган мыйзамдар жана парламенттик демократиянын артыкчылыктарына токтолду. 

"Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциянын өкүлдөрү Бюджет жана финансы комитети, Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетине төрагалык кылары Баш мыйзамда көрсөтүлгөн. Судьяларды тандоо кеңешинин курамынын үчтөн бири, Эсептөө палатасынын аудиторлор курамынын үчтөн бир бөлүгү парламенттик оппозиция тарабынан көрсөтүлүп, парламент тарабынан шайланат. Бул да парламенттик демократия шартында оппозиция менен позициянын эриш-аркак кызматташтыгы болуп саналат. Биз үчүн биринчи кезекте өлкөнүн, элибиздин кызыкчылыгы жогору турушу керек. Биз ынтымакта болуп, баарыбыз мамлекеттин жаркын келечегин көздөгөн мамлекеттик саясатты колдосок, батыраак өнүгөбүз",- деди спикер. 

Жолугушууда шаардык кеңештин төрагалары жергиликтүү масштабдагы көйгөйлөрдү көтөрүштү. Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Ош-Бишкек унаа жолундагы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолду куруу зарылдыгын айтса, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы "Атайын фонддун" жылдык бюджетин көбөйтүүнү өтүндү.  

ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, жыйынтыгында парламент жетекчиси мындай жолугушууларды жылына бир же эки жолу уюштуруу керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан