Асылбек Жээнбеков Монголия парламентинин өкүлдөрү менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 27-февралда кыргыз-монгол парламенттик тобунун жетекчиси Агипарын Бакей баштаган Монголия парламентинин делегациясы менен жолугушту. Жээнбеков кыргыз өлкөсү менен Монголияны көп нерсе, анын ичинде бай тарыхы, улуттук каада-салттардын жакындыгы байланыштырып турарын белгиледи. Эки өлкөдө тең парламенттик демократияны куруп жатканын айтты. "Монголия парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча мыкты жетишкендиктерди багынтты. Жаратылыш ресурстарын эффективдүү пайдалануу менен экономиканы өнүктүрүү боюнча ишенимдүү кадам таштап жатат. Кыргыз өлкөсү шайлоо системин реформалоо боюнча Монголиянын тажрыйбасын изилдөөдө",- деди спикер. 
Бакей Монголия менен кыргыз өлкөсүнүн ортосунда ишенимдүү мамиле түзүлгөнүн билдирди. "Ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарлар, анын ичинде соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясында жетишилген "Кыргыз Республикасы-Монголия" ишкердик кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу мунун айкын далили",- деди Бакей.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан