Борбор калаада "коомдук унааларда уурулук менен алектенген" деген шек менен 39 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга бир нече жарандан арыз түшкөн. Алардын арыздарында белгисиз жаран коомдук унаалардан уюлдук телефондорун уурдап кеткенин айтышкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.