Депутаттар "ата-энелерди балдарын эмдетүүгө милдеттендирүү керек" дешти

Коркунучтуу илдет жайылганда ата-энелерди балдарын милдеттүү түрдө эмдетүүгө аргасыз кылууну мыйзам менен бекитүү керек. Муну депутат Курмантай Абдиев 27-февралда "Ата Журт" фракциясынын жыйынында билдирди. Эмдетүүдөн баш тартуу жагы мыйзамда каралганын, ал эми милдеттүү эмдетүү каралбаганын айткан министр Талантбек Батыралиев депутаттын сунушун колдоого алды. Мындан сырткары Абдиев оорукана, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөгү кадр жетишсиздигин чечүүдө райондордун алыстыгына, анда жашаган адам санына жараша көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады. "Ошол эле маалда оорунун же эмдөөнүн себептерин ата-энелерге же алардын диний көз караштарына шылтабай, дарыгерлердин кайдыгер мамилесин дагы көзөмөлгө алуу керек",- дейт депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан