Кыргыз өлкөсүндө 2014-жылы өкмөткө болгон калктын ишеним индекси 5 эсе жогорулады. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев 27-февралда Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов менен жолугушууда билдирди. Өкмөт жетекчиси мамлекеттик органдардын ишине карата элдин пикирин билүү үчүн жарандар арасында дыкат сурамжылоо жүргүзүлгөнүн, жыйынтыгында өкмөткө ишенүү деңгээли боюнча Жалал-Абад облусу алдыга чыкканын айтты. "Нарын облусунда да өкмөткө ишеним өскөнү байкалды. Буга карабай өлкө жарандарына маалымат жеткирүү процессин улантуу керек, өкмөт коомчулук үчүн ачык болушу шарт",- деди Оторбаев.
"Тараптар Нарын облусун өнүктүрүү боюнча 2014-жылкы көрсөткүчтөрдү, 2015-жылдын планын, облусту көмүр, тоют менен камсыздоо, аймакка инвестиция тартуу тууралуу пикир алышты",- деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.