Алмазбек Атамбаев кар көчкү кырсыгынан улам Ооганстандын президентине көңүл айтты

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кар көчкү кырсыгынан улам жарандардын каза болгондугуна байланыштуу Ооганстандын президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан сөздөрүмдү жана жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендердин бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалагандыгымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”,- деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

Айта кетсек, 25-февраль күнү Ооганстандын Панджшер провинциясында (түндүк-чыгышында) эки күн бою катуу жааган кардын кесепетинен бир нече айылга кар көчкү түшүп, 100 адам каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан