Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Башкы катчысы Рамил Гасанов менен жолугушту. ТИМдин маалымат кызматы 2-мартта билдиргендей, жолугушууда кыргыз өлкөсү менен Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин түрдүү тармакта мамиле кылуусу талкууланды. Тараптар 2016-жылы Астанада өтүүчү ТМККнын кезектеги саммитине даярдыктын жүрүшү, кеңештин төрагалыгынын Кыргыз Республикасына өтөрү тууралуу сүйлөшүштү.