Семинардын милдеттери – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө окутуу;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кыргыз тилинде ченемдик-укуктук актыларды даярдоонун лингвистикалык-кодификациялык ченемдери менен тааныштыруу;
– тил үйрөтүүдөгү (угуу, окуу, жазуу, сүйлөө, которуу) негизги жөндөмдөрдү өнүктүрүүчү үлгүлөр менен тааныштыруу;
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мамлекеттик тилди үйрөнүүдөгү жана котормо тажрыйбаларынан бөлүшүү, пикир алышуу, суроо-талаптарын билүү. Семинарга Бишкек шаарынын Октябрь, Биринчи Май, Ленин, Свердлов райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери, тил адистери чакырылганы айтылды.