Исмаил Исаков: "Өкмөт башчынын министрлерин жөнөтүп коюп, өзү качып кеткени эмне деген жорук?!"

Бүгүн ЖКда күзгү-кышка даярдык боюнча өкмөттүк саат өтмөк, бирок көпчүлүк депутаттар муну токтотууну сунуш кылышууда. Анткени чакырылгандар толук келбей, эң башкысы, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин келбегени эл өкүлдөрүнүн катуу сынына кабылды. Депутат Исмаил Исаков: "Бүгүн биринчи жолу өкмөттүк күн өтүп жатат. Анан өзүнүн министрлерин жөнөтүп коюп, өзү качып кеткени эмне деген жорук?! Ал сөзсүз болушу керек болчу бул жерде. Келген 4 министр кайсы маселени чечмек эле?" деди. Депутат Курманбек Осмонов мыйзам боюнча өкмөт башчынын катышуусу болмоюнча өкмөттүк саатты өткөрүү туура эмес экенин айтты. Башында төрага Асылбек Жээнбеков премьер-министр 3 күн мурда эле кат жөнөткөнүн, учурда Ош облусунда экенин маалымдаган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан