2009-жылга чейин кыргыз жеринде 100дөн ашык этностун өкүлдөрү жашаганы айтылды

2009-жылга чейин кыргыз жеринде 100дөн ашык этностун өкүлдөрү жашаган. Муну 10-мартта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында өткөн семинарда аталган окуу жайдын магистранты Зайырбек Эргешов билдирди. 

Эргешов буларды айтат: "Этностор аралык мамилелерди натыйжалуу башкаруу үчүн өлкөнүн аймактарындагы калктын ар кандай этностук курамын эске алуу зор мааниге ээ. Бир катар калктуу конуштарда этностук белгилер боюнча статистикалык маалыматтарды бурмалоого алып келген администрациялык-аймактык бөлүнүү жана калктын санын эсепке алуунун көп жылдык тажрыйбасын эске алуу зарыл. 2012-жылдын акырына карата ар кандай этностук жамааттардын өкүлдөрү калктын 27,8 пайызын же 1 миллион 545 миң адамды түзгөн"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан