Бишкек шаардык муниципалдык менчик башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу 10-мартта мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.М.Өмүралиев ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, кызматынан бошотулду. Анын ордуна убактылуу милдетин аткаруучу болуп Жеңишбек Исаков дайындалды.