Бүгүн, 11-мартта биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаровду, Баткен районунун акими Кеңеш Салиховду жана Кадамжай шаарынын мэри Толкунбек Камбаровду кабыл алып, аларга жергиликтүү бюджетти көбөйтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Сарпашев кыргыз мамлекетинин май айынан тартып Бажы союзуна толук кандуу кирүүсүн белгилеп, акимдерге бизнес-долбоорлорду иштеп чыгып өкмөткө сунуштоо милдетин жүктөдү. “Бүгүнкү күнгө чейин Кадамжай, Баткен райондорунан жана Кадамжай шаарынан Бажы союзуна кирүүнүн алкагында экспорттук потенциалды көбөйтүүгө багытталган бир дагы бизнес-долбоор өкмөткө киргизиле элек. Тез арада ишкердикти өнүктүрүүнүн реалдуу долбоорлорун иштеп чыгып, өкмөткө сунуштагыла. Эгер сунушталган долбоорлор пайдасын бере турган болсо, анда тиешелүү акча бөлүнүп берилет. Ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин көбөйүүсү тууралуу отчёт берип турасыңар”,- деди Сарпашев.