Ширин Айтматова арзан дарыларды сатуучу дарыканаларды ачууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова кыргыз өлкөсүндө пенсионерлер, майыптар, ардагерлер, жетимдер жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн арзан баадагы дары-дармек сатуучу мамлекеттик дарыканалардын тармагын түзүүнү өкмөткө жана парламентке сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, мындай дарыканалар мамлекеттик медициналык мекемелерде ачылмакчы. "Мамлекет фармацевттик жеке ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, кымбат баалуу дары-дармектерди алууга акчасы жетпеген адамдарды кароосуз калтырды. Мындан улам өлкөдө баалары кымбат эмес дарыларды сатуучу мамлекеттик дарыканаларды ачуу керек",- дейт депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан