Кыргыз-Орус өнүгүү фондунун Директорлор кеңешинин курамына кыргыз тараптан Ольга Лаврова менен Темир Сариев кирди
Кыргыз-Орус өнүгүү фондунун беренелерине жана "КРнын Өкмөтү жөнүндө" мыйзамга ылайык, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун Директорлор кеңешинин курамына 2 министр кирди. Тийиштүү жарлыкка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 2015-жылдын 6-мартында кол койду.
Аталган фонддун Директорлор кеңешинин курамына кыргыз тараптан каржы министри Ольга Лаврова жана экономика министри Темир Сариев расмий түрдө мүчө болушту.