Ибрагим Жунусов Түркиянын вице-премьери менен өлкөлөр ортосундагы мамилени бекемдөөнү талкуулады

Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 11-мартта Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш менен жолугушту. ТИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, жолугушууда Жунусов соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөрү аралык комиссиянын 8-жыйынынын ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланышты бекемдөө үчүн бардык күчтү колдонуу зарылдыгын айтты. Мурда түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу керектигин кошумчалады. 
Жолугушуу жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү үчүн керектүү ишти жүргүзүү макулдашылды.
Айта кетсек, Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөрү аралык комиссиянын 8-жыйыны Бишкекте 2014-жылдын 24-26-декабрында өткөн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан