Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Катар мамлекетинен келген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 12-мартта маалымдады.
Катардын экономика жана соода министринин орун басары, аталган өлкөнүн Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси катышкан жолугушууда Катар жана кыргыз мамлекеттеринин айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды.
Катар делегациясынын башчысы Жасим бин Жабер аль-Тани: "Силерде экологиялык таза продукция өндүрүлөрүн билебиз. Биз эт, мөмө-жемиштерин алууга кызыкдарбыз. Сапат биз үчүн биринчи орунда турат. Баасын сүйлөшүп, ташуу жолдорун чечип алышыбыз керек. Ошондой эле төө буурчакты экспорттоону да караганга даярбыз",- деди.
Катардан келген делегация жергиликтүү дыйкандар өстүргөн мөмө-жемиштерди көрүп чыккандан кийин тараптар кызматташууга даяр экенин билдиришти.