Алмазбек Атамбаев менен Улуттук банктын жетекчиси өлкөдөгү каржылык кырдаалды талкуулады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-мартта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Президентке инфляциянын деңгээлин түшүрүү, улуттук валютанын курсунун туруктуулугун колдоо, банк коопсуздугун жана төлөм системин камсыздоо боюнча Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Тараптар кыргыз мамлекетинде кошумча инвестициялык аспаптарды - алтын чен куймаларын киргизүү, калктын каржылык сабаттуулугун көтөрүү маселесин талкуулашты. 
Алмазбек Атамбаев жарандардын жана ишкерлердин кызыкчылыктары үчүн каржылык ресурстарды натыйжалуу мобилизациялоого тийиш болгон өлкөнүн каржы-кредиттик мекемелеринин стабилдүү жана ишенимдүү иштеши керектигин белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан