Эксперттер кыргыз тилин "мамлекеттик тил" деп тергөөнү токтотууну сунушташты

Кыргыз тилинин эл арасындагы кадыр-баркы көтөрүлмөйүнчө мамлекеттик тил саясатынын ишке ашуусу күмөн. Муну 12-мартта Жогорку Кеңештин лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Жумагүл Карагулова "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирди. Эксперт тилди өнүктүрүү боюнча Казакстандан үлгү алуу керектигин айтат. "Казак элинин аткаминерлери менен демөөрчүлөрү өздөрүнүн эне тилинин баркын көтөрүү жаатында автоунаа, асыл тукум күлүк сыяктуу байгелерди сайып, иш-чараларды өткөрүшүүдө. Ошол ыкманы түзмө-түз колдонбосок да, кыргыз тилин "мамлекеттик тил" деп тергебей, анын келечегине чындап кам көрүшүбүз керек",- дейт Карагулова.
“Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин маселелери” деген темада өткөн республикалык конференцияда тилди өнүктүрүү боюнча олуттуу сунуштар айтылганын белгиледи Карагулова. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан