Бүгүн, 12-мартта парламентте депутат
Майрамкүл Тиленчиева Ак-Жар айылындагы 500 орундуу, жараксыз абалга келген мектептин ордуна
275 орундуу мектеп курулганы жатканын айтып, "Калган жарымы кайда окуйт?" деген маселени койду.
Анын айтымында, Кочкор районунун Шамшы айылындагы мектепте да дал ушундай эле көрүнүш.
Эл өкүлү курулганынан көп өтпөй жараксыз абалга келген мектепти салган
“Хан-Теңири” компаниясы жоопкерчиликке тартылбай жүргөндүгүн кошумчалады.Карамат Орозова Баткен районундагы Бөжөй айылындагы мектеп жер титирөөдөн
окуу жүргүзүүгө жарабай, кооптуу абал түзүлгөнүн айтса, Таалайбек Ибраев Кочкор районундагы Кара-Суу айылындагы мектепте
ашкана, спорттук залдын жоктугуна өкмөттүн көңүлүн бурду.