Жоомарт Оторбаев акыркы эки айда республикалык бюджетке 19 миллиард сом киреше түшкөнүн айтты

Кыргыз мамлекетинде акыркы 2 айда бюджеттин киреше бөлүгү көбөйүп жатканы байкалды. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев 12-мартта өкмөттө өткөн кеңешмеде билдирди. Мамлекеттик бажы, салык кызматтары коюлган планды аткарганын, 2015-жылдын январь-февраль айларында бюджетке 19 миллиард 102 миллион 100 миң сом түшкөнүн айтты. Кошумча каржы булактарын табуу зарылдыгын белгилеп: "Эксперттердин пикири боюнча, республикада көмүскө экономиканын көрсөткүчү 40-60 пайызга чейин жетет. Бул чоң сан, баарыбыз аны легалдаштыруунун үстүндө иштешибиз керек",- деп билдирди өкмөт башчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан