Жогорку Кеңеш бүгүн, 12-мартта кыргыз жеринде этностор аралык мамилени бекемдөөгө багытталган мыйзам кабыл алды. Д
окументте этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо
боюнча иштерди ишке ашыруу милдети жергиликтүү мамлекеттик администрацияга тапшырылары белгиленет. Мыйзамга ылайык, аймакта
кагылышууларга алып келген этностор аралык мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча
компетенциянын чектеринде өз убагында чара көрбөгөндүгү үчүн аким кызмат
ордунан бошотулат.Мыйзам долбооруна 97 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди.