Кыргыз жеринде жатак-абактарын жоюу сунушталды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы эскирген институт катары бардык жатак-абактарын жоюуну өкмөткө сунуштады. Алардын ордуна Чүй облусунун Молдовановка айылында №27-мекеменин базасында жалпы режимдеги түзөтүү колониясын ачуу сунушталууда. "ЖАМКнын жетекчилиги тарабынан 2011-жылы өкмөткө жатак-абак институтун жоюу сунушун жиберип, бирок маселе чечилген эмес",- деп билдирди 12-мартта мекеменин басма сөз кызматы.  
Маалыматка таянсак, учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тутумунда 14 жатак-абак бар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан