Кыргыз мамлекетинде учурда 10 миң жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК), 600дөй ачык акционердик коом (ААК) бар. Муну парламенттин 12-марттагы жыйынында экономика министринин орун басары
Адылбек Касымалиев билдирди.
"Биздин өлкөдө ачык акционердик коом түзгөнгө караганда жоопкерчилиги чектелген коом түзүү кыйла жеңил" деген Касымалиев ЖЧКларда Директорлор кеңешин түзүүнү мыйзам аркылуу тактоо үчүн мыйзам долбоору сунушталып жатканын билдирди.
Демилгечилер мыйзамдын кабыл алынышы менен ишкананын ишинин көзөмөлдөнүшүнө шарттар түзүлөрүн: коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбестигин, ачыктык камсыз болорун айтышты. Депутат Роза Акназарова долбоорго каршы экенин билдирди. "Азыркы мыйзамдарда "ЖЧКлар Директорлор кеңешин түзбөсүн" деген чектөө жок, алар түзөм десе азыркы мыйзамдар менен деле түзө алышат. Бул мыйзам кабыл алынганы менен иштебейт",- деди депутат.
Касымалиев буга жооп катары:
"Мыйзамдарда жоопкерчилиги чектелген коомдордо Директорлор кеңешин түзүүгө боло турганы же болбой турганы жазылган эмес. Ушул нерсени мыйзамдарда көрсөтүп коёлу деп жатабыз. Бирок бул мыйзам жоопкерчилиги чектелген коомдорду Директорлор кеңешин түзүүгө милдеттендирбейт. Каалашса түзүшөт, каалабаса түзбөй эле иштей беришет",- деп билдирди.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.