Былтыр чет өлкөдөгү кыргыз мамлекетинин 2232 жараны элчилик аркылуу паспорт алган

Кыргыз Республикасында 2014-жылы Мамлекеттик паспортту өздүктөштүрүү борбору 300 675 даана ID-card даярдаган. Мунун ичинен 39 131 паспортту жарандар тез даярдатуу тартиби менен алышкан. 2013-жылга салыштырмалуу былтыр ID-card 242 833 даанага, жалпы жарандык паспорт 50 008 даанага аз жасалган. Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, өкмөттүн 16 жашка толгон жарандарды паспорт менен камсыздоо чечиминин алкагында 43 853 жаран акысыз документтештирилди. "2014-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин 194 667 жалпы жарандык паспорт даярдалган. Мунун 50 909ун жарандар тез даярдатуу тартиби менен алышты. Кыргыз мамлекетинин чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары элчилик жана консулдуктар аркылуу 2232 жалпы жарандык паспорт алышкан",- деп билдирет мекеме. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан